Кыргызстандагы кафе-ресторандардагы жаңы баалар кардарларды таң калтырууда

Кыргызстандагы кафе-ресторандардагы жаңы баалар кардарларды таң калтырууда

2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салынган. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому күчүнө кирди.

Жаңы жобого ылайык, тамак-аш ишканалары мындан ары буйрутма баасына кошумча 10-15% тейлөө акысын алууга уруксат берилбейт. Натыйжада кафе-ресторандар тамак-аштын баасына тейлөө акысын кошкондуктан, баалар бир топ жогорулаган. Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратууда. 

Маселен, кээ бир кафелерде мантынын бир порциясы 400 сомго чейин чыккан (мурда 250-300 сом болгон) самса 100 сом (мурда 75-85 сом), бир чайнек чай 150-400 сом (мурда 100-250 сом) турганын белгилешүүдө.

13:01, 12-01-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар