Көк бөрү федерациясынын президенти ири алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Көк бөрү федерациясынын президенти ири алдамчылыкка шектелип кармалды

 Кыргызстандын жараны, өзүн ГКНБдагы байланышы бар адам катары көрсөтүп, ири суммада акча алган факты аныкталды. Бул тууралуу ГКНБнын басма сөз кызматы маалымдады.

 Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Ж.Р.М. ГКНБдагы «тааныштарын» шылтоо кылып, текшерүүлөрдөн коргойм деп убада берип, бир компаниянын жетекчисинен 390 миң доллар алган.

22-декабрда Ж.Р.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча шектелип кармалып, ГКНБнын СИЗОсуна камалды.

 Учурда бул иш боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.

13:16, 25-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар