Равшан Сабиров министрликтен бошоп Инвестициялар агенттигинин директору болду

Президент Садыр Жапаров бир нече аткаминерди кызматтан бошотуп, кайра дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Фархат Иминов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, Виртуалдык активдер жана блокчейнтехнологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси болду.

Президент кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткарат. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болчу.

 

10:10, 26-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар