Иран аскердик операциялар Израиль жок болгуча уланарын айтты

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге каршы аскердик операциялар еврей мамлекети жок болгуча уланарын билдирди. Бул тууралуу  РИА Новости жазды.

Корпустун билдирүүсүндө алдыдагы операциялар мурдагыдан дагы катуу жана кыйратуучу болору айтылган.

"Маанилүү объектилерге багытталган натыйжалуу жана кыйратуучу соккулар кылмыштуу режим толук жок болгончо токтобой турганын аны колдогондор билишсин", — деп айтылат корпустун билдирүүсүндө.

13-июнга караган түнү Израилдин армиясы Иранга каршы кеңири масштабдуу операция баштаган. Израилдин аба күчтөрү бир нече ирет Ирандагы аскердик жана өзөктүк жайларга сокку урган. Чабуулдар Тегеранды да камтып, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана илимпоздор мерт болгон.

Ошондой эле Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынганы айтылды.

Бул окуядан кийин Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элге кайрылуу жасап, Израилдин чабуулдарын "кылмыш" деп атап, бул режимди "коркунучтуу тагдыр" күтүп турганын билдирди.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына караганда, Иран жооп иретинде "Чындык убадасы — 3" аталышындагы операцияны баштап, Израилдеги аскердик объектилерге сокку урган.

 

11:36, 16-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар