Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети токтотулду. 10 адам кармалды
Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети токтотулду. 10 адам кармалды
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) маалыматына ылайык, Атырау шаарында 10 адам кармалды.
Тергөөчүлөрдүн болжолунда, бул топ өлкөнүн батыш аймагында конституциялык түзүлүштүн негиздерин күч менен өзгөртүүнү пландаган. Кармалгандар экстремисттик топту түзүү, ага жетекчилик кылуу жана анын ишине катышуу, ошондой эле терроризмди жайылтуу жана диний кастыкты козутууга шектелүүдө.
УКК билдиргендей, тинтүү иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдөн курал-жарак, адабияттар, диний буюмдар, баңгизаттар жана башка далилдер табылып, алынган.