Абактагы ишкер Имамидин Ташов президентке кайрылды 

 

Абактагы ишкер Имамидин Ташов президентке кайрылды 

Абактагы Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ишкер 12-октябрда Кадамжайдагы иш сапарында президенттин айткандарын төгүндөгөн. Жана каралар дүйнөсүнө 450.000$ мүлк бергени чындыкка дал келбесин айткан. Чек араны мыйзамсыз өтүү айыбы боюнча да далил жок болгондуктан акталганын, ал эми президенттик шайлоодо 120 миң АКШ долларын гана кортконун айткан. 

“Кулагым менен угуп, көзүм менен көргөнүмө гана ишенемин дединиз.

Мен да өйдөдө тизмеленген үч маселеде ар бир сөзүмдү далилдөөгө даярмын!. Мен өз чындыгым үчүн аппарат ( полиграф,детектор лжи) аркылуу текшерүүдөн өтүүгө да даярмын. Акыркы 2 жылда мага карата кылмыш ишин колдон келишинче кооздоп, мен тааныбаган казак жаранын ишке кошууга аракеттенишип, Т.Куренов менен тааныштырып, кыйнап коркутуп, сүйлөштүрүп аягында бийликти басып алууну мойнума алдырышканы аракет кылып, токко отургузду. Мен баарын Кудайга салдым!.

Убакыт жана тарых бүгүн болбосо, келечекте өз баасын берет”, – деген Ташов.

Арча медиа
15:54, 22-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар