Стипендия жана акысыз авиабилет. Студенттер үчүн жаңы программа сунушталды
Кыргызстанда студенттерди башка аймактарга барып окутуу жана аларды каржылык жактан колдоо боюнча жаңы мамлекеттик программа даярдалды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыккан бул долбоорго ылайык, аймактардагы окуу жайларга барып окуган студенттерге ай сайын атайын стипендия төлөнүп, ички каттамдарга авиабилеттер сатып берилет. Учурда бул токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Эгерде студент бул программа менен башка аймактагы окуу жайга барып окуса, ага мамлекет тарабынан төмөнкүдөй колдоолор көрсөтүлөт:
ай сайын 2 500 сом стипендия берилет. Ал окуудагы бааларына карабастан жылына 10 ай бою үзгүлтүксүз төлөнөт;
авиабилеттер сатып берилет. Студент үйүнө барып-келиши үчүн жылына 4 жолу ички авиакаттамдарга (мисалы, Бишкек — Ош, Бишкек — Баткен ж.б.) жалпы 18 000 сомдук авиабилеттер бөлүнөт.
Муну менен бир студентти колдоого мамлекет жылына орто эсеп менен 43 000 сом жумшайт. Ал эми өлкө боюнча мамлекет бөлгөн акысыз (бюджеттик) орундардын дээрлик жарымы (40 пайызы) мындан ары атайын ушул аймактар аралык программага катышкан студенттер үчүн гана бөлүнө баштайт.
Программа жыл өткөн сайын кеңейип, катышуучулардын саны төмөнкүдөй өсөт:
Долбоордо бүгүнкү күндө Кыргызстанда 230 миңден ашык студент окуса, алардын болгону 10 пайызынын гана жатаканада жашоого мүмкүнчүлүгү бар экени айтылат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн алдыдагы 5 жыл ичинде өлкө боюнча жалпы 25,6 миллиард сомго 24 миңден ашык студентке ылайыкталган жаңы, заманбап жатаканаларды куруу пландалууда. Жатаканалар курула турган жер тилкелерин жергиликтүү мэриялар жана айыл өкмөттөр акысыз бөлүп берет.
Министрликтин түшүндүрмөсүндө айтылгандай, бул программа биринчи кезекте бардык студенттердин Бишкекке агылышын азайтып, аймактардагы университеттерди өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондой эле жаңы жатаканалардын курулушу менен аймактарда жаңы жумуш орундары түзүлүп, курулуш тармагы жанданат. Эң башкысы, ар башка облустун жаштары бир чөйрөдө чогуу окуп, аралашып, өлкөдөгү ички ынтымакты жана достукту бекемдейт.