Өкмөт 2027-жылы инфляцияны 8% чейин түшүрүүнү пландап жатат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өкмөт 2027-жылы Кыргызстанда инфляциянын деңгээлин 8 же 9% чейин түшүрүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 21-сентябрдагы жайынында айтты.

Данияр Амангелдиев өкмөт бааларды турукташтырууга жана инфляцияны ооздуктоого 39 млрд сомго жакын каражат бөлөрүн кошумчалады. Ал фермелерди колдоо, дан азыктарын кошумча нарк салыгынан бошотуу жана күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга субсудия берүүнү улантуу сыяктуу аракеттер жүрүп жатканын кабарлады.

 

08:46, 22-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар