Жаңы жылдан баштап Кыргызстанда бир куту тамекини 135 сомдон төмөн сатууга тыюу салынат

 

Жаңы жылдан баштап Кыргызстанда бир куту тамекини 135 сомдон төмөн сатууга тыюу салынат

Министрлер кабинети тамеки үчүн дүң жана чекене сатуунун минималдуу бааларын бекитти. Бул токтом келерки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.20 даана тамеки же 20 даана тамеки таякчасы (стик) үчүн минималдуу баа 2027-жылы — 135 сомду, 2028-жылы — 150 сомду, ал эми 2029-жылдан баштап 165 сомду түзөт. Баанын ушул эле чектери ысытылуучу тамеки капсулаларына да тиешелүү. Бул тизмеге салттуу "папиростор" киргизилген эмес.

Бул жерде баанын төмөнкү чеги жөнүндө сөз болууда: аталган продукцияларды белгиленген суммадан жогору баада сатууга болот, бирок андан төмөн сатууга болбойт. Талаптардын сакталышын Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт.

Арча медиа
11:15, 21-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар