Бааны сүйлөшүп көтөргөн ишкерлерге шарт коюлду
Атаандаштар менен сүйлөшүп алып, бааны жасалма көтөргөнүн биринчилерден болуп мойнуна алгандар айып пул төлөбөйт.
Кыргызстанда ишкерлер ортосундагы бааны сүйлөшүп алып кымбаттатуу (картель) сыяктуу жашыруун бүтүмдөрдү ашкерелөөнүн жаңы эрежеси киргизилүүдө.
Ага ылайык, мыйзамсыз бүтүмгө аралашып калып, бирок бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына өз ыктыяры менен биринчи болуп кабарлаган ишкерлер чоң айып пулдардан толугу менен кутулат. Экономика жана коммерция министрлиги даярдаган тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Жалпак тил менен айтканда, бул — ким биринчи келсе, ошол жазадан кутулат деген принцип. Эгер бир нече фирма сүйлөшүп алып, товарды элге атайын кымбат сатып жатса, алардын ичинен бирөөсү күнөөсүн моюнга алып далилдерди тапшырса, ал мамлекетке бир сом да айып пул төлөбөйт. Ал эми мыйзамсыз сүйлөшүүнү уланткан калган өнөктөштөрүнө ири өлчөмдө айып пул салынат.
Жазадан кутулуу үчүн ишкер эмне кылышы керек?
Атаандаштардын мыйзамсыз пландары тууралуу Монополияга каршы кызматка эч ким биле электе, биринчилерден болуп барып, билдирүү зарыл.
Жөн эле оозеки айтпастан, жашыруун сүйлөшүүлөрдүн жазууларын, кагаздарды же башка так далилдерди чогуу тапшыруу шарт.
Мындан ары мындай мыйзамсыз иштерге аралашпай турганын расмий далилдеши керек.