Сокулукта төрт жаштагы үч наристе сууга чөгүп чарчап калды

Сокулукта төрт жаштагы үч наристе сууга чөгүп чарчап калды

2-февралда Сокулук районунун Май айылында үч жашы жете элек бала көлмөгө түшүп кетип каза болгонун Чүй облустук милициясы кабарлады. Милицияга маалымат түшүп, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганга чейин үч баланын тең сөөгү суудан чыгарылган.Алар “Тез жардам” кызматы барганга чейин эле каза болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө үчөө тең 2021-жылы туулган балдар экени аныкталган.

Көлмө четинде тосмосу жок, ачык болгон жана суунун жээги муз болуп тоңуп турган. Балдар чогуу ойноп жүргөн, сүйлөй албаган бала апасына келип окуяны түшүндүрүүгө аракет кылган. Кийин апасы уулун ээрчип барып, каналга түшүп кеткен балдарды көргөн.

10:40, 03-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар