№13 округдагы шайлоо: Депутаттыкка талапкерлердин саны 22ге жетти

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 22 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар:

·         Арстанбеков Акылбек Советбекович;

·         Маматаев Эркинбек Садирбекович;

·         Асанов Уланбек Жалалович;

·         Асамудинов  Бактыбек Асанович;

·         Калматов Токторали Калдарович;

·         Чолпонов Уланычбек Калдарбекович;

·         Матсаков Кадырбек Мусаевич;

·         Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна;

·         Мацаков Бакыт Калбаевич;

·         Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович;

·         Базаркулова Нурсыйда Манасовна;

·         Чомоев Алмазбек Алтынбекович;

·         Базарбаев Каныбек Суйунучбекович;

·         Мансуралыев Залкарбек Медетбекович;

·         Өсөрбек Исраилжан уулу;

·         Койчуманова Нуркан Кадыровна;

·         Нуриев Кубан Бактыбаевич;

·         Атабекова Кызжибек Азимжановна;

·         Темирбаева Махсудахан Юлчиевна;

·         Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

·         Абдималиков Уланбек Абдималикович;

·         Абсалиев Ахматали Садырбекович.

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.

 

15:25, 26-01-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар