Аяз атага жазылган каттар: "Евразия" паркы балдарга белектерди тапшырды

"Евразия" паркында атайын почта кутусуна өз каалоолорун жазып калтырган балдарга белектер тапшырылды. Бул тууралуу парктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдардын каалоолору ар түрдүү болгон: кимдир бирөө велосипед, таттууларды кыялданса, башкалары жумшак оюнчук аюу же оюнчук тик учак сурашкан.

"Евразия" паркы балдардын өтүнүчтөрүн аткаруу менен чектелбестен, алардын окуусуна жана өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында ар бир балага планшеттерди кошо белек кылды.

Белгилей кетсек, кышкы сезондо паркта Аяз атанын майрамдык үйлөрү иштеген. Ал жерден балдар Жаңы жылдын башкы каармандары — Аяз ата жана Аяз кыз менен жолугуп, ыр айтып берип, белек алып, эстеликке сүрөткө түшө алышкан. 11-январда парктын башкы сахнасында, коноктордун көз алдында туш келди тандап алуу жолу менен алты кат тандалып алынган.

Белгиленгендей, жаңы жылдык каникул учурунда, 20-декабрдан 11-январга чейин "Евразия" паркына 400 миңден ашуун адам келген. Жаңы жылдык программанын алкагында коноктор үчүн күн сайын концерттер, театралдаштырылган жана анимациялык шоулар өткөрүлүп, балдар үчүн мастер-класстар, ачык асмандагы муз тебүү аянты жана майрамдык жарманке иштеди.

 

14:16, 26-01-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар