Испанияда эки ылдам жүрүүчү поезд кагылышып, ондогон адам каза болду

 Испанияда эки ылдам жүрүүчү поезд кагылышып, ондогон адам каза болду

 Испаниянын түштүгүндө, Кордова провинциясындагы Адамуса шаарына жакын жерде эки ылдам жүрүүчү поезд катуу кагылышты. Бул тууралуу BBC билдирди.

 Алдын ала маалыматка ылайык, Малага – Мадрид багытындагы поезд алгач рельстен чыгып, каршы тилкеге өтүп кеткен. Ошол учурда каршы тараптан келе жаткан экинчи поезд менен кагылышуу болгон. Кырсыктан кийин эки поезд тең рельстен чыгып кеткен.

Күбөлөр сокку жер титирөөгө окшош болгонун айтышууда. Окуя болгон жерде тартылган видеолордо айрым вагондор оодарылып кеткенин көрүүгө болот.

Кырсык маалында эки поездде 400гө чейин жүргүнчү болушу мүмкүн. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, 20дан ашуун адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 25тен 100гө чейин жетиши мүмкүн.

 Учурда бул темир жол тилкесинде кыймыл толугу менен токтотулду, куткаруу жана иликтөө иштери жүрүүдө.

11:27, 19-01-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар