Улуу Британия Гренландияга бир аскер жөнөттү
Улуу Британия Гренландияга бир аскер жөнөттү
Улуу Британия Даниянын өтүнүчү менен Гренландияга бир офицерин жөнөттү. Бул тууралуу The Independent басылмасы билдирди.
Британ аскери «Арктикалык чыдамкайлык» (Operation Arctic Endurance) аттуу машыгууга катыша турган эл аралык топко кошулат.
Маалыматка караганда, офицер Гренландиядагы коопсуздук жана аскердик кызматташтыкка багытталган окуу-жаттыгууларга тартылат.
Бул кадам АКШ менен Даниянын ортосундагы чыңалуу күчөп, Гренландиянын айланасында геосаясий кызыкчылыктар курчуп турган учурда жасалды.