Милиция жолдо айдоочуну тапанча менен коркуткан кишини кармады
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) башка бир айдоочуга "жолумду тородуң" деген доомат коюп, тапанча такап жаткан айдоочуну - 51 жаштагы С. Ф. аттуу жаранды кармады. Ал милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук милициясы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Окуя учурунда колдонулган тапанча ээсинен алынып, текшерүүгө жиберилди.
Бишкектик активист Максим Золотых соцтармакка айдоочулардын талашы тартылган тасма жарыялаган. Тасманын алдында жазылгандай, 14-январь күнү Бишкектин Осмонкул көчөсүнөн Жибек Жолуна оңго бурулганда айдоочулар жол талаша кетишкен. "Жолумду тородуң" деп доомат койгон айдоочу экинчи унаанын алдын торой токтоп, тапанча менен коркуткан. Унаанын жүргүнчүсү окуяны телефонуна тартып алган, тасмада тапанчасы бар айдоочунун унаасынын мамлекеттик номуру да тартылган.