Трамп Иран менен соода кылган өлкөлөргө 25% тариф киргизди

 

 Трамп Иран менен соода кылган өлкөлөргө 25% тариф киргизди

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен ишкердик байланыш жүргүзгөн бардык өлкөлөргө 25 пайыздык тариф киргизилерин билдирди. Анын айтымында, бул чаралар дароо күчүнө кирет. Бирок кайсы өлкөлөр так жабыркай турганын тактаган жок.

 Трамп Truth Social социалдык тармагында: «Иран Ислам Республикасы менен бизнес кылган каалаган өлкө АКШ менен болгон бардык соодасына 25% тариф төлөйт. Бул чечим акыркы жана толук» — деп жазды.

 Ирандын ири соода өнөктөштөрү катары Кытай, Ирак, БАЭ, Түркия жана Индия аталат. Бирок жаңы тарифтер бул өлкөлөрдүн кайсынысына түз таасир этери азырынча белгисиз.

 Бул чечим Трамптын Иранга карата катаал билдирүүлөрүнөн кийин кабыл алынды. Ал Иран бийлиги нааразылык акцияларына катышкандарды өлтүрсө, АКШ аскердик күч колдонушу мүмкүн экенин бир нече жолу эскерткен.

 Ак үйдүн өкүлү Каролайн Ливитт да Иранга карата аба соккулары кошо бардык варианттар каралып жатканын билдирди.

10:39, 13-01-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар