Кыргызстанда дарыгерлерге кезексиз 5 миң ипотекалык батир берилет
Кыргызстанда дарыгерлерге кезексиз 5 миң ипотекалык батир берилет
Кыргызстанда саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кезексиз 5 миң батир берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов өлкөдөгү балдар медициналык мекемелерине барган учурда билдирди.
"Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине кезексиз 5 миң ипотекалык батир берүү чечими кабыл алынды. Аталган чаралар медицина кызматкерлерин социалдык жактан коргоого, системада кадрларды кармап калууга жана медициналык кесиптин кадыр - баркын көтөрүүгө багытталган",- деп белгиледи ал.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга жогорулай турганын кошумчалады.