Таластагы окуучулардын чыр-чатагы. Бир катар жетекчилер кызматтан алынды
Таласта мектеп окуучуларынын чыр-чатагынан улам бир катар жетекчилер кызматтан алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда мектеп окуучуларынын чыр-чатагына байланыштуу Талас облусунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча УКМК тарабынан демилгеленген ыкчам жыйын өттү.
Анын жыйынтыгында Талас шаарындагы №5 мектептин директору жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматынан алынды.
Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана мектептин социалдык кызматкерине чара көрүлүп, 4 милиция кызматкерине сөгүш берилди. Ал эми мыйзам бузган 7-класстын окуучулары профилактикалык каттоого алынып, ата-энелерине айып пул салынды.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Талас шаарындагы мектеп окуучуларынын тартипсиз жүрүм-туруму боюнча маалыматтар тараган. УКМК жүргүзгөн тергөө иштери тиешелүү мамлекеттик органдардын өспүрүмдөр менен иштөөсү жетишсиз экенин көрсөткөн.
Жыйында мектеп рэкетин жоюу, жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана ички иштер органдары менен мектептердин байланышын күчөтүү тапшырмалары берилди.