Ички аба каттамдарга билет баасы арзандайт

 

Ички аба каттамдарга билет баасы арзандайт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылга карата өлкө ичиндеги аймактарга болгон аба каттамдарга баалар базар баасынан төмөнкү чекте белгиленди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, ортодогу айырма Турукташтыруу фондунун каражаттары менен жабылып турат.

“Буга чейин ички каттамдар боюнча билеттердин баасы рыноктук принцип боюнча түзүлүп, жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленип келген.Мындан улам учуулар туруксуз, баасы боюнча көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн өзгөчө оор болгон.

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун чечими менен мамлекет бул жааттагы туруктуулукту камсыздап, чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды”

- деген Алагөзов.

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар