Манас Ниязов баштаган улакчылар Афганстанда көк бөрү тартып жүрүшөт
Кыргыз улакчылары ушу тапта Афганстанда өнөрүн көрсөтүп, тажрыйба бөлүшүп жүргөнүн Көк бөрү федерациясы билдирди.
Маалымат катчы Самат Жумакадыровдун айтымында, чет жакта уюштурулган турниде Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу, Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов, Исхак Бекболот уулу, Аскат Аскаров жана Баяман Муралим уулу улак тартып жүрөт. Мелдеш былтыр да уюштурулуп, ага Өзбекстан менен Казакстандан да спортчулар чакырылган.
"Үч мамлекеттен барган улакчылар жергиликтүү командаларга кошулуп оюн көрсөтүшкөн. Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов кошулган команда жеңүүчү аталган. Ошондон кийин дагы бир турнир өтүп, ага да Кубаныч менен Дастан чакырылган. Ал эми мунусунда башка өлкөлөрдөн улакчылар чакырылбай, күйөрмандарынын суранычы менен жалаң эле кыргыз көк бөрүчүлөрү чакырылды. Жалпы 8 улакчы барган. Жергиликтүү командаларга экиден спортчу кошулуп оюн көрсөтүп жатышат", — деди Жумакадыров.
Көк бөрү Афганстанда бузкаши деп аталып, кеңири жайылган оюн болуп саналат.