Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына алынган үчүнчү учак өлкөгө келди

Өлкөгө Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын үчүнчү учагы келип конду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти. "Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү үчүнчү учак республиканын ири шаарлары менен алыскы райондорун байланыштырган ыңгайлуу аймактык самолет болуп саналат", — деп белгиленген кабарда.

Ошондой эле авиакомпания өзүнүн учак паркын мындан ары да кеңейтип, жаңы эл аралык каттамдарды ачып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшырткан Airbus A320/A321 жана Boeing 737 учактарын алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы кошумчаланды.

 

 

12:38, 02-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар