Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Гагарин көчөсү - Ч.Айтматов проспектиси - Ажыбек баатыр көчөсү, Островский көчөсү - 11-12-август күндөрү;

Жукеев-Пудовкин көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухэ-Батор көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Безымянная көчөсү – 12-13-август күндөрү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

 

12:12, 08-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар