Түндүк-түштүк кошумча жолу бир тараптуу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Арал-Казарман тилкесинин 283–284-чакырымына түшкɵн таш кɵчкү тазаланып, бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Жалпысынан 141 миң метр куб таш көчкү тазаланды. Учурда тазалоо иштери уланууда.

Түндүк-түштүк кошумча жолунун 282-чакырымына 24-июлда 12.30дар чамасында таш кулап, убактылуу жабылган. Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад аркылуу өткөн 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны мурда жол такыр түшпөгөн тилкелер аркылуу салынган.

Жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы 2022-жылы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыяларын жээктеп салынган жана анын 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. 2023-жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Буга чейин дагы жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы, жол куруудагы коррупция тууралуу маселе көтөрүлгөн.

11:10, 08-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар