Аймактардагы мугалимдер үчүн ата мекендик өндүрүштөгү 27 миң ноутбук жөнөтүлдү

Мугалимдер үчүн 27 миң 31 ноутбук аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Алтын Казык" ноутбуктары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган. Техниканы жөнөтүү иш-чарасына министр Догдуркүл Кендирбаева катышкан.

"Ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлүп, аныкталган кемчиликтер жоюлду. Өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программа бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган", — деп айтылат маалыматта.

Техника окуу жылы башталганга чейин STEM предметтеринин (табигый так илимдер) мугалимдерине тапшырылары кошумчаланды.

 

09:09, 08-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар