ИИМ Мунарбек Сайпидиновдун кармалышы боюнча маалымат берди
ИИМ Мунарбек Сайпидиновдун кармалышы боюнча маалымат берди
ИИМ Орусияда камалган Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Кара-Суу районунун аймагында мамлекеттик жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган.
“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран М.С. 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары, Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери менен бирге материалдык пайда алуу максатында кылмыштуу пландарды ишке ашырып келишкен. Алар мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз түрдө социалдык мааниге ээ жер тилкелерин алып салып мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен”-деп айтылат маалыматта. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу Мунарбек Сайпидинов Орусия аймагынан кармалып, бүгүн 7-августта Кыргызстанга жеткирилди.