Камчаткада бир суткада 49 жер титирөө катталды
Камчаткада бир суткада 49 жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин аймактык башкы башкармалыгынын маалыматына таянуу менен, РИА Новости жазды.
"Бир суткада 49 жер титирөө болду. Анын 11и калктуу конуштарда 2 баллдан 3 баллга чейин сезилди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 30-июлда Камчаткада 1952-жылдан бери эң катуу, күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө Түндүк Курил аралдарында да 8 баллга чейин сезилген. Камчаткада жана Түндүк Курил районунда цунами коркунучу жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилген. Цунаминин төрт толкуну порт инфраструктурасын жана башка объектилерди жарым-жартылай жабыркатты. Учурда Северо-Курильск шаарында деңиз жана тик учак каттамдары, ошондой эле жергиликтүү порттун иши кайра жанданды.