Чүй облусунда 50 гектар жерге Disneyland куруу пландалууда

Чүй облусунда 50 гектар жерге Disneyland курулат. Бул тууралуу Туризмди колдоо фондунан кабарлашты.

Долбоордун өнөктөшү Warner Bros. World (Абу-Даби), Changsha Aqua City (Кытай) сыяктуу парктарды түзгөн АКШнын IdeAttack, Inc. компаниясы экени айтылды.

Долбоорго ылайык, Токмокто жайгаша турган паркта төмөнкүлөр уюштурулат:

Борбор Азиянын жомоктогудай архитектурасы;

"Манас" эпосуна негизделген аттракциондор;

Улуу Жибек Жолунун кербен жолдорун чагылдырган аймактар;

улуттук музыка, бий, театрлаштырылган жомоктор;

боз үй жасоо, кийиз өнөрү, ат үстүндө жүрүү жана салттуу ашкананы үйрөтүүчү мастер-класстарды камтыйт.

Долбоорго жер тилкеси бөлүнгөнү кошумчаланды.

 

11:54, 06-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар