Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат
Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Тасманы жаш режиссёр Каныбек Калматов тартары, ал улуу жазуучунун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алганы белгиленген.
"Кинокартина жазуучунун бала чагынан дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот", — деп жазылат маалыматта.
Калматов ВГИКтин кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. "Бейиш эненин таманында" тасмасынын башкы оператору болгон.
Айтматов тууралуу фильмдин бет ачары 2026-жылга мерчемделген, жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен келишим түзүлгөнү кошумчаланды.