Ысык-Көлдөгү көрүстөндүн эстеликтерин окуучулар сындырганы айтылды

Ысык-Көлдө төрт бала көрүстөндөгү эстеликтерди сындырган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн соцтармактарда Чолпон-Атадагы славян мүрзөсүндөгү эстеликтер талкаланган видео тараган. Анда көрүстөндөгү темир жана жыгач кресттер сынып, жулунганы тартылган.

“Маркумдардын аты-жөнү жазылган темир такталар сынып, айрым бөлүктөрү жоголгон. Бул ишке 11 жаштагы Т.А., Т.У., С.А. жана 10 жаштагы А.Э. аттуу төрт окуучунун тиешеси бар экени белгилүү болду. Алар ата-энелеринин коштоосунда милицияга жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдар сурак учурунда бул аракеттерди “ойноп жатып жасаганын” билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Милиция балдардын аракеттеринде улуттар аралык кастыкты козутуу же диний жек көрүүчүлүккө байланыштуу кандайдыр бир белгилер табылбаганын кошумчалаган. Ошондой эле Ысык-Көл РИИБи жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

 

11:53, 05-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар