Аудитор пара менен кармалып, анын "тазалыгына" кепилдик берген жетекчи иштен кетти

Эсеп палатасынын инспектору пара алууга шектелип кармалып, кызматкерлеринин таза иштээрине кепилдик берген жетекчиси жумуштан кетти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 9-июлда Камчыбек Ташиев Ош шаарында жергиликтүү жетекчилер менен жыйын өткөргөн.

"Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Эсеп палатасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовго кол алдындагылардын коррупциялык иштерге катыштыгы тууралуу суроо берген. Кожомуратов өз кызматкерлеринин тазалыгын кепилдеп, эгер тескерисинче боло турган болсо иштен кетерин айткан. Бирок УКМК Эсеп палатасынын инспектору Б.М.Ы. жана анын ортомчусу Т.М.Ж. аттуу жаранды пара талап кылууга айыптап кармаган. Б.М.Ы. Тогуз-Торонун айылдарынын биринде аныкталган майда каржылык мыйзам бузууну жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылган", — деп айтылган маалыматта.

Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Окуядан кийин Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кошумчаланды.

 

11:11, 05-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар