Евразия сактык кассасы  Visa банктык карталарынын жаңы линиясын ишке киргизгенин жарыялайт.

Евразия сактык кассасы  Visa банктык карталарынын жаңы линиясын ишке киргизгенин жарыялайт. Портфолиого популярдуу Visa Gold жана Visa Business карталары, ошондой эле премиум өнүмдөр — Visa Platinum жана Visa Infinite кирет. Жаңы ассортимент кардарлардын ар түрдүү муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн: күнүмдүк чыгымдардан бизнес максаттарына жана эксклюзивдүү тейлөөгө чейин.

Visa Gold – Visa кабыл алынган дүйнөнүн каалаган жеринде төлөмдөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылган универсалдуу төлөм инструменти. Карта ээлери өнөктөштөрдөн атайын сунуштарга, мейманканаларды брондоо, унааны ижарага алуу, накталай акча алуу жана онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Visa Business атайын корпоративдик кардарлар жана ишкерлер үчүн иштелип чыккан. Карта бизнес чыгымдарын эффективдүү башкарууга жардам берет: транзакцияларга көз салуу, отчетторду түзүү, эсепти толуктоо жана оффлайн дүкөндөрүндө жана онлайн төлөмдөрдү жүргүзүү.

Премиум кызматты жана кошумча артыкчылыктарды баалагандар үчүн банк Visa Platinum жана Visa Infinite сунуштайт:

Visa Platinum Visa Concierge кызматына 24/7 кирүү мүмкүнчүлүгүн, бир катар эл аралык аэропорттордо тез коопсуздукту камсыз кылат (Fast Track) жана башка премиум варианттар.

Visa Infinite артыкчылыктардын максималдуу спектрин ачат: аэропорттордогу бизнес-залдарга кирүү, саякаттарды узартылган камсыздандыруу, эл аралык жана аймактык өнөктөштөрдүн эксклюзивдүү сунуштары.

"Биздин максат - кардарларыбызга заманбап жана ишенимдүү финансылык чечимдерди сунуштоо. Visa карталарынын жаңы линиясын ишке киргизүү - бул кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүүгө жана кардарлардын тажрыйбасынын сапатын жакшыртууга жасалган кадам", - деп түшүндүрдү Евразия сактык банкынын маркетинг бөлүмү.

Жаңы Visa картасын алуу үчүн бүгүн – Евразия сактык банкынын каалаган бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот.

Тарифтер тууралуу кененирээк банктын www.esb.kg сайтынан билсеңиз болот.

Биздин адистер сизге карта продуктылары боюнча кеңеш берүүгө даяр: callcenter@esb.kg, +996312905151, +996995905151 (WhatsApp, Telegram).

 

16:53, 26-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар