ХАМАС курал тапшыруудан баш тартты
ХАМАС курал тапшыруудан баш тартты
ХАМАС уюму куралды өз алдынча Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө тапшыруудан баш тартарын билдирди. Бул тууралуу алардын расмий билдирүүсүндө айтылат. Уюм «каршылыктын токтотулушу улуттук укуктар толук калыбына келтирилгенде гана мүмкүн» деп белгиледи. Анын ичинде Иерусалимди борбор кылган көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү негизги шарт катары коюлууда.
Буга чейин Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Газа секторундагы согуш ХАМАС куралсызданып, барымтадагыларды бошотуп, бийликтен баш тарткан учурда гана токтойт деген билдирүү жасаган.