Ошто судья иш козголгонун билип, алган параны жок кылган
Ошто судья иш козголгонун билип, алган параны жок кылган
29-июль күнү Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмү УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К.ны 4 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.
Ошондой эле, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш аныкталган. Ал паранын бир бөлүгүн алган деп шектелген. Бирок батирине жашынып, алган параны жок кылганын башкы көзөмөл органынын маалыматында айтылат.