Ошто 28 жаштагы тамада каза болду

Бул тууралуу анын кесиптештери социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдиришүүдө.

Интернет желесинде анын кесиптеши тарабынан бычакталганы тууралуу маалымат тараган. Бирок тамада Аман Ибраев бул маалыматты жокко чыгарып, аны жердеши бычактаганын билдирди.

"Ал акыркы учурда тамадалыктан кетип, бизнес менен алектенип жүргөн. Бирөөгө зыяны жакшы бала эле, спортсмен бала эле", - дейт Ибраев.

Маалыматтарга караганда, жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Ал арада шаардык милиция билдирүү таратып, шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалганын билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар