УКМК Бишкекте экстремисттик топту аныктады

УКМК Бишкекте экстремисттик топту аныктады

УКМК терроризмге каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында Бишкекте  радикалдык такфирдик-жихадисттик агымдарды үгүттөгөн диний ячейканы аныктады.

11-июнда соттун санкциясы менен Бишкек шаарындагы он даректе тинтүү жана башка атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10дон ашуун адам КР УКМКга жеткирилген.

“Жыйынтыгында катталбаган диний адабияттар, экстремисттик  символика, 1 ок атуучу граната, ар кандай маркировкалары бар 3 патрон, 1 жылмакай мылтык, 1 страйкбольный привод (м16/М4 автоматынын аналогу), 1 сигналдык пистолет, 2 пневматикалык пистолет, акча каражаттары, бычактар, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио - жана видеоматериалдар алынды”-деп айтылат УКМКнын маалыматында. 

Натыйжада чет мамлекеттин жараны У.Д.А. жана Кыргыз Республикасынын жараны Л.Д.В. кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди

11:59, 16-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар