Жылдыз Садырбаева вице- спикер болуп шайланды
Жылдыз Садырбаева вице-спикер болуп шайланды
30-апрелде Жогорку Кеңеш төрага орун басарлыгына депутат Жылдыз Садырбаеваны шайлады.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча “макул” – 76, “каршы” – 2.
Садырбаева Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты. Буга чейин Жамиля Исаева «Ата Журт Кыргызстан»вице-спикерлик кызматынан кеткени, бирок Жогорку Кеңештин депутаты бойдон калганы маалымдалган.