Жосунсуз жоругу үчүн ишинен айрылган бажычы камакка алынды

Милиция кызматкерлерине баш ийбей, аларды сөккөн бажы кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы аткаминерге жосунсуз аракети үчүн Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Ал соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайда болот.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде социалдык тармактарда өзүн "офицерменмин" деген кишинин милиция кызматкерлерине баш ийбей, коомдук тартипти бузган видеосу тараган. УКМК ал бажы кызматкери экенин, аны менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн маалымдап, аткаминердин кечирим сураган видеосун жарыялаган. Атайын кызмат ошондой эле окуя оюн-зоок жайларынын биринде болгонун, ал учурда кызматкер мас абалында милиция кызматкерлерине каршылык кылганын белгилеп, Бажы кызматы аны жумуштан алганын кошумчалаган.

10:25, 29-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар